КӨРҮСТӨНДӨРДҮ КЫДЫРГАН ПРЕЗИДЕНТ ЭМНЕ ДЕДИ?

Президент элди маркумдарга эстелик орнотууну токтотууга чакырды Президент Садыр Жапаров элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин коруп албоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы “Ала-Тоо 24” телеканалы жасаган “Көрүстөндөр көйгөйү” видео материалында айткан. Садыр Жапаров Кыргызстандын ансыз да түздүк жерлери аз экенин, эгерде сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетүүгө берилбесе элди турак жай менен камсыз кылуу, азык-түлүк маселеси курчуй турганын эскертти. Ал Ысык-Көл облусунда жакындары жерге берилген жерге барып, каза болгон баласына да эстелик тургузбаганын айтып, чоң атасы менен чоң энеси жерге берилген жайды көрсөткөн. “Менин чоң атам менен чоң энемдин сөөгү ушул жерде жатат. Алар 1980-жылдардын аягында каза болушкан. Атамдын бир тууган иниси Жумакадыр деген байкем экөөбүз атама да, энеме да эстелик тургузганбыз. Ташка чектирип, жаздырып тегерегине темир менен тосмо койгонбуз. 1990-жылдардын аягында атам Меккеге барып келди. Өзү өмүр бою молдочулук кылган киши. Бирок мындай кылбаш керектигин билбесе керек. Меккеден келгенден кийин “шарият боюнча мындай болбойт экен. Отко күйгөн нерселерди, темир, цемент колдонгон болбойт экен. Арбак өзү кыйналат экен” деди. Ошондон кийин бул жерди тазалап койгон”, - деди президент. Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Советтер союзу учурунда мүрзө болуп, кийин айдоо жерге айланган жана үйлөр салынган да аймактарды көрсөткөн. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар
Back to Top