Кыргызстанда гепатиттин В түрү 2000-жылдары кескин кыскарды. Республика мындай жагдайга кантип жеткенин Sputnik карап көрдү.
90-жылдары кыргызстандык дарыгерлердин башына бир сыноо түшкөн. Ымыркайлар төрөлөрү менен вирустук гепатитке чалдыгып жатты. Албетте, наристелер бул ооруну көтөрө алган эмес, гепатиттин В түрү кийин да байма-бай кармачу болгон. Натыйжада илдет боор циррозуна жана боор рагына кептеген.
Абал 2000-жылдары өзгөрдү. Россия кыргызстандык дарыгерлерге кол сунду. Республика боюнча наристелерге В түрүндөгү гепатитке каршы вакцина сайыла баштаган. Мындай аракет менен Кыргызстанда оорулуу балдардын саны 50 эсеге кыскарып, жаңы жуктургандар акырындык менен азайган.
Андан бери Россиядан жүз миңдеген вакцина жана экспресс-тесттер келди. Ошондой эле Россия Кыргызстандын алыскы аймактарында иштөөгө ылайыкташкан 9 мобилдик клиника жөнөткөн.