Жаңы Ак үйдүн курулушу бүткөнү калды. Асмандан көрүнүшү

Бишкекте Кыргызстандын президентинин администрациясынын жана министрлер кабинетинин жаңы имаратынын курулушу уланууда. Иштер 2022-жылдын апрель айында башталып, капсуласын президент Садыр Жапаров салган. Жаңы имарат “Ынтымак – Манас Ордо“ деп аталат. Участоктун жалпы аянты 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги “Ысык-Көл“ мейманканасынын ордуна курулууда. Планга ылайык, борбор калаанын мэриясы азыркы Өкмөт үйүнө көчүрүлөт.
Back to Top