рттн каза болгон адамдан згч жыт чыгат. рт чрчнн видеомаеги
Сержант Адилет Аалыев жети жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп эмгектенип, далай окуяларды башынан өткөргөн. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине кесибиндеги оош-кыйыштарды айтып берди.
Каарманыбыз борбор калаадагы Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №28 бөлүгүндө өрт өчүрүүчү болуп иштейт. 32 жаштагы адис бул жумушка аскерде кызмат өтөп келгенден кийин орношкон. Анын бөлүгү Бишкек шаарында жана анын айланасындагы айылдарда чыккан өрттү өчүрүүгө барат.
Жарандык коргонуу системасында иштеген Аалыев кесибинин аркасы менен адам өмүрүн сактап калганда дем-күч аларын айтат.
“Биздин жумушта бир мүнөт да текке кетпеш керек. Бир мүнөттө адам өмүрүн сактап каласың же жоготуп аласың. Көбүнчө адамдар өрттүн өзүнөн эмес, анын түтүнүнө ууланып каза болот. Аларга от деле тийбейт, бирок уктап жаткан жерде ууланып эле кете берет. Чакырууларга барып тилсиз жоодон көп эле адамдарды куткарып калдык. Иш маалында адам өмүрүн куткарып калуу бизге дем-күч берет. Өрттөн жабыркагандардын үйүн, мал-мүлкүнүн көп бөлүгүн сактап калганда да кубанабыз. Эл ыраазычылыгын билдиргенде жөн эле жүрбөптүрмүн деп калам“, — деди Аалыев.
Адилет Аалыев өрт өчүрүүчүлөр күчтүү, моралдык-психологиялык жактан туруктуу адамдардын гана кесиби экенин белгиледи. Ал Дача СУда учак кулаганда куткаруу, Баткендеги куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштерине катышып, пандемия маалында “Ганси“ авиабазасында ак халатчандарга да кол кабыш кылган.
10 views
215
49
7 months ago 00:04:45 1
Milky Chance - Synchronize (Joe Schwarz Remix)
2 years ago 01:41:14 1
Disco House - Defected x Glitterbox - Summer Soundtrack Mix, 2022 (Deep, Soulful, vocal) 🏝☀️
5 years ago 00:01:33 1
Skoda-LIAZ 706 RTTN, грузовик-холодильник из к/ф “Кавказская пленница“ (1966).