11-апрель фашисттик концлагерлердеги туткундардын куткарылышынын эл аралык күнү. Бул Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы азаптардан кийин пайда болгон дата.
1945-жылдын 11-апрелинде Бухенвальд лагеринин туткундары куралдуу көтөрүлүш кылып, камалгандар күзөтчүлөргө чабуул жасап, комендатураны, лагерди бошоткон. Андан кийин бул жерге америкалык аскерлер кирген.
Лагердин сегиз жылдык мезгилинде 239 миң киши туткундалган. Бухенвальдда 56 миң киши кыйноого алынып, адам жасабай турган медициналык тажрыйбаларды жүргүзүшкөн.
Ал эми өлүм очогунун дарбазасынын үстүндө “Ар кимге өзүнүн жазасы“ деген сөз жазылып турган. Согуштан кийин Бухенвальдда 28 миң нацисттик кылмышкер камалып турган. 1958-жылы лагерде мемориалдык комплекс уюштурулган.