СССР 67 жыл мурда алгачкы континент аралык баллистикалык ракетаны учурган

СССР 67 жыл мурда алгачкы континент аралык баллистикалык ракетаны учурган Р-7нин пайда болгон тарыхы 1940-жылдардын башына, 1950-жылдарын соңуна барат. Аны долбоорлоо иштери 1954-жылдын июлунда аяктаган, ал эми ноябрда СССРдин Министрлер Советинин элегинен өткөн. Р-7 биринчи ирет Калининградда (азыр Королев шаары) № 88 заводдо жасалган. Биринчи сыноо ийгиликтүү болгон, кое берилген ракета мурда белгиленген жерге — Камчатка жарым аралына чейин жеткен. Ракетанын жалпы салмагы 279 тонна, узактыгы 8000 чакырым болгон. Р-7 Сергей Королёвдун конструктордук бюросунун алдында түзүлгөн. Р-7 жана анын модификациясы адамзат үчүн космостук жаңы доорду ачты. Ракета анын негизинде “Спутник“, “Союз“, “Восток“, “Восход“ жана “Молния“ сыяктуу башкаларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. Буларды жандоочуларды жана адамдарды космоско учурууда да колдонушкан.
Back to Top