Бишкекте жаңы форматтагы “Россия силер менен“ аталышындагы борбор ачылды

Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан борбордо лекциялар, көргөзмөлөр, талкуу клубдардын чогулуштары жана тематикалык сабактар, мастер-класстар өтүп турат. Россиялык дизайнерлер анда бардык ыңгайлуу шарттарды түзүшкөн. Россотрудничество борборду заманбап эмеректер менен жабдыган. 12 жашка чейинки балдар үчүн үн чыгарган китептер жана өзгөчө калемдер, электрондук такталар, интерактивдүү стол жана конструктору бар оюн аянтчасы бар.
Back to Top