Ири кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Елена Гононова батирдин ичи көп өзгөрүүгө дуушар болгондуктан панелдик үйлөр туруксуз болуп калышы мүмкүндүгүн айтат. Ал белгилегендей, эң бекем үйлөр деп 1990-жылдары курулгандар эсептелинет. Ал эми жаңы салынып жаткан турак жайларга келе турган болсок, акыркы жылдарда курулуш тармагында текшерүүлөр күчөдү. Буга байланыштуу олуттуу эреже бузуулар менен курулган имараттар азаюуда.