Биздин борбор “Эне-бала мээрими“ деп аталат. Борбордун негизги максаты — эне-баланы ажыратпай, биргеликте сактап калуу. Азыркы учурда 26 бала бар. 26нын 17си энеси менен. Мигранттардын, студенттердин балдары жашайт. Балдарын биз карайбыз, энелери иштеп жүрөт, миграцияда жүрөт дегендей. Калгандардын энелери алыста миграцияда. Кээ бир энелер алтынчы, дем алыш күндөрү келип, балдар менен болуп же сыртка алып чыгып эс алдырып келишет. Кээде бул жакта калып жардам берип кетишет. 15 жылдын ичинде 200дөй аялды, 300дөй баланы кабыл алып убактылуу бактык.