Уулу соттолгон энелердин көзүн көрүп далай ыйладым

Андай аяган эле эмес, аларга көз жашымды көрсөтпөгөнүм менен... Мен чынында бир аз бошураакмын. Ошол жердеги энелердин абалын, көз жашын көрүп туруп кабинетке кирип алып өзүм көз жашымды төгүп-төгүп алган күндөр болду. Айрыкча эркек балдар, жакшы тарбия албай калгандар же адашып башка чөйрөгө кирип алгандар ушинтип энени, атаны азапка салып коет. Бир жакшынакай мектепти бүтүп, армияга барып келгенге чейинки ата-эненин өңүн, жүзүн, элдин арасындагы мамилесин карап көр. Эми ошол бала соттолуучунун отургучуна отуруп калгандан кийинки энени жүзүн карап көр. Ошол эки абалды салыштырып көр. Бул асман менен жердей айырмачылыкта.
Back to Top