Апамды кт 17 жылга созулду

Апам бар, тагдырыбыз ушундай болуп калды. Апам менен атам мен төрөлгөндө экөө эки башка жолго түшүшкөн. Мен тай жакта болуп, ошолордун колунда өстүм. Апам эми жалгыз калды, бага турган киши жок, айылда. Анан мен иштейм деп мигрант болуп кеткен. Мен мектепке жаңы кирип атканда кетип, университетти бүтүп атканымда келди. Ортодо 17 жыл убакыт өттү. 17 жыл ичинде мен аны көргөнгө, сүйлөшкөнгө, кучактаганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Мага эң керектүү маалында жок болду. Биринчи мектепке барганда коңгуроо какканымда, 11-классты бүтүп акыркы экзамендерди тапшырганда, биринчи жигитим, турмушка чыгуум... Мисалы, окууну бүткөндө группалаштар арасында кызыл диплом алдым, ошондо кыздардын ата-энелери келип аларды куттуктап жатышты... анан мен...
Back to Top