Эл биле бербеген кесип. Аэропортто иштеген авиациялык орнитологдун видеомаеги
Аэропорттордо орнитологиялык кызмат иштээрин көпчүлүк биле бербейт. Алардын милдети — каттамдагы учактардын коопсуздугун жерден камсыздоо. Sputnik Кыргызстан авиациялык орнитологдордун ишине кызыгып көрдү.
“Манас“ эл аралык аэропортунун Аэродром кызматынын орнитологиялык коопсуздукту камсыздоо тайпасынын кызматкерлери күнү-түнү иштешет. Алар атайын жабдуу менен учуп-конуу тилкесине жакын келген канаттуу, жаныбарларды кубалашат. Жүргүнчү, жүк ташыган учактар менен кошо жарышып учкан чымчыктар аба кемесине чоң коркунуч жаратып, ири авиациялык кырсыкка алып келиши мүмкүн. Андай кооптуу учурларды болтурбоо үчүн авиациялык орнитологдор колунда болгон заманбап шаймандарын колдонуп эки сменада иш алып барат.
Азат Аззалиев беш жылдан бери “Манас“ эл аралык аэропортунда эмгектенип, жетектөөчү инженер-орнитолог кызматына чейин жеткен. Өзгөчө кесип ээсинин айтымында, авиациялык орнитологдор канаттуунун жеген тамагы, жатагы, жүрүм-турумуна чейин анализдейт.
“Авиациялык орнитологдор канаттуунун жеген тамагын, жатагын, жүрүм-турумун, учуп келип, учуп кеткен мезгилине чейин анализ жасайт. Биздин жумуш аэропорт жана аэродромдогу учактарга канаттуулардын тоскоолдук жаратпоосун, кагылышпоосун камсыздоо. Ишибиз куштар учуп келген жазда, балапандар канат кагып уча баштаган жайдын башында аябай кызыйт. Анткени алардын көпчүлүгү коопсуздук эмне экенин билбейт, айрымдары учактан да чочулабайт. Жайкысын чымчыктар учуп-конуу тилкесине конуп, күндүн нуруна какталып жылынат. Биз ошол маалда тилкеге чыгып канаттууларды өзүбүздүн жабдуулар менен үркүтүп, учактын абага көтөрүлүүсүнө же конуусуна уруксат беребиз. Андай учурларда учактын кыйынчылыксыз конушун, учуп кетишин, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн аманчылыгын кудайдан тилейбиз“, — деди Аззалиев.
Ошондой эле орнитологиялык коопсуздукту камсыздоо тайпасында иштегендер аэропорттун тегерегиндеги таштандыны рекультивациялап, бийик дарактарды кыйдыртып санитардык абалды да карайт. Анткени канаттуулар таза эмес, малдын кыгы, мөмө, жер-жемиштин калдыктары үйүлгөн жерлерге жакын байырлайт.
222 views
84
28
2 months ago 01:15:07 1
Разгоны #148 [Сева Ловкачёв, Вова Бухаров, Алексей Квашонкин, Николай Андреев, Эльдар Гусейнов]
4 months ago 00:02:40 1
марий суан марийские танцы в деревне 2020
4 months ago 00:45:42 42
Отдых в Египте 2024 - вечерняя жизнь в Шарм Эль Шейх и самый популярный пляж! Наама Бэй - цены, еда
4 months ago 00:57:29 1
МЭРИЛИН МОНРО: Как Джон Кеннеди связан с убийством актрисы? / Истории кумиров / @MINAEVLIVE
4 months ago 00:02:57 1
Dessar - Всё ли будет хорошо? (2022)
4 months ago 02:17:19 1
🔴Династия Стекеленбург 733 Симс 4 СТРИМ
4 months ago 00:43:22 1
Людей будут убивать континентами?! Кто из России получил билет в будущее? Интеллектуальный Клуб ч. 2
4 months ago 00:44:40 1
Государство VATICAN. Ватикан. Собор Святого Петра, Музеи Ватикана / Большое Путешествие 2018 (#2)
4 months ago 05:45:48 1
🔴Симс 4 Играем в сохранение династии
4 months ago 01:07:12 1
ВИНО: История праздника / Простовещи / @MINAEVLIVE
4 months ago 00:00:00 1
🔴Династия Стекеленбург 739 Симс 4 СТРИМ
4 months ago 01:08:36 1
Египет 2024 - Шарм Эль Шейх и САМАЯ ДЕШЕВАЯ 5-ка! Отдых и цены, ОТЕЛЬ Island View, пляж, акулы
4 months ago 03:27:40 1
🔴Династия Стекеленбург 732 Симс 4 СТРИМ
5 months ago 00:15:40 1
Как снять недвижимость с учёта в РФ , ЖКХ, Банки 16 12 20г
5 months ago 00:05:30 1
Бабайка — Уральские Пельмени | Люди Икс Эль
5 months ago 00:22:21 2
Знайте это и применяйте ЖКХ 06 11 2019
5 months ago 00:27:43 1
Фирма РФ закрыта , и давно 17 01 22г
5 months ago 00:01:38 1
Малыш всех удивил на гармошке танец Александр Марков марийский концерт еще видео в описании
5 months ago 01:33:00 33
АЛЕКСЕЙ ГОМАН. Концерт в ДК МАИ 8 апреля 2007 года.
5 months ago 00:21:44 1
🔴EL AÇMASI KETE YAPMAK ARTIK AŞIRI KOLAY‼️ OKLAVA YOK❌ İKİ FARKLI YÖNTEM✅PUL PUL DÖKÜLEN KETE TARİFİ
5 months ago 00:16:01 1
Платёжки по ЖКХ ,ноль. Как добиться таких результатов
5 months ago 00:00:33 1
[CHOCOLATE] LA COSA NOSTRA FULL LV
5 months ago 00:15:26 1
Жогорку Кеңеш тарайбы же Өкмөт отставкага кетеби? Өкмөт менен парламенттин тиреши