Москвада Кыргызстан менен Россиянын аялдар форуму кандай өттү? Видео
Москвада “Кыргызстан менен Россиянын келечек үчүн аялдар диалогу“ аттуу форум өтүп, ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Россия Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко катышты.
Кыргыз тараптан Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, саламаттык сактоо, жаратылышты коргоо министрлери, билим берүү жана илим министринин орун басары жана башкалар барышкан.
Форумдун катышуучулары гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, аялдар ишкердиги, эне жана баланы мамлекеттик колдоого алуу маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында эки тараптуу 11 меморандумга кол коюлду, анын ичинде “Жашоо багы“ резолюциясы да бар. Бул иш-чара президент Садыр Жапаров жарыялаган “Жашыл мурас“ улуттук кампаниясынын алкагында ишке ашмакчы. Биринчи айым форумдун катышуучуларын Баткенге келип көчөт отургузууга чакырды.
Аталган форум быйыл биринчи ирет өттү, бирок тараптар жыл сайын уюштуруп турууга макулдашты.
384 views
245
61
5 months ago 00:00:00 1
. Онлайн-концерт и выставка художественных работ. XXI Фестиваль «Москва Встречает друзей»
1 year ago 00:39:58 19
Москва. Дом ученых. “Привет, осень и роза“. Поет Валерий Сёмин (фрагменты)
2 years ago 00:10:52 1
Москва - дом народов: киргизы
4 years ago 00:02:53 1
Москвада жашаган түрк элдеринин өкүлдөрү “Мурас“ этно майрамын белгилешти