Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багында Ленинград блокадасынын үзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Митингде Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев бул тарыхый сыноонун маани-маңызына токтолду.
Ленинграддын коргонушу, блокадачылардын тагдыры, шаардыктардын каармандыгы жана кыргызстандыктардын кең пейилдүүлүгү — эки өлкөнүн, анын элдеринин ортосундагы жандуу байланыш экендигин айтты.
“Блокадачылардын кыргыз коомунун, ыктыярчылардын, энтузиасттардын, кайдыгер карабагандардын ишмердүүлүгүнөн, бийликтин колдоосунан улам байланыш үзүлбөй келе жатат“, — деди Зульхарнеев.
Андан мурдараак Свято-Воскресенск кафедралдык соборунда Ленинградды коргоп жатып курман болгондорду, ал апаатта ачкадан, сууктан өлгөн шаардыктарды, көзү өтүп кеткен блокадачыларды эскеришкен.
Быйыл Ленинград блокадасынын үзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана Ленинградды толук бошотулушунун 79 жылдыгы белгиленет.
Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет. Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу каарман инсан багып өстүргөн.