Бишкекте туулган Корсаков шаар күнү менен космостон куттуктады. Видео
Роскосмостун космонавты Сергей Корсаков бишкектиктерди борбор калаанын 144 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
“Союз МС-21“ космос кемесинин бортунда жазылып алынган видеокуттуктоосунда россиялык космонавт бул майрам шаардын тургундарына гана эмес, аны мекеним деп эсептеген, ага тиешеси бар экенин сезген ар бир адам үчүн маанилүү экенин айтты.
“Туулуп-өскөн жана билим алган Бишкек шаарымды ар дайым жылуу сезимдер менен эске салам. Бул шаарда балалыгым тууралуу жакшы эскерүүлөр калды. Бүгүн мен Эл аралык космос станциясынын бортунда туулуп-өскөн шаарымдын желегин кармап турам. Бишкектиктерди шаар күнү менен куттуктап жатканым мен үчүн чоң сыймык жана кубаныч“, — деди ал.
Ошондой эле шаардын өзгөрүп жатканы космостон даана көрүнүп турганын баса белгиледи.
39 views
1349
330
2 years ago 00:02:38 217
Бишкекте блокадачы Анна Кутанованын эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды
3 years ago 00:01:13 131
Бишкекте туулган Корсаков шаар күнү менен космостон куттуктады. Видео