Бишкектиктер массалык түрдө шам жагып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим кылышты.
Иш-чараны “Жеңиш ыктыярчылары“ коомдук фонду уюштурду. Ага Бишкектин Октябрь райондук администрациясы, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Россотрудничество көмөк көрсөттү.
Бардыгы болуп 3 500 шам жагылган. Бул Кыргызстанда өмүрү сакталып калган ленинграддык балдардын санына барабар.