Бгн тирмн! Алмазбек Атамбаевдин соттук отурумга келген видеосу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча отурумга Биринчи май райондук сотуна алып келинди. Белгилей кетсек, кечээ, 4-апрелде, Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча козголгон ишти карап, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Бирок сот процесси учурунда анын ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезгендиктен Тез жардам чакыртылып, сот 5-апрелге жылдырылган. Журналисттер Атамбаевдин абалын сураганда мурдагы президент “кечээ кан басымым көтөрүлүп кеткен, бүгүн тирүүмүн“ деп жооп берген.
Back to Top