Курманжан даткадай аялды эч бир элден таппадым. Назира Мамбетованын видеомаеги
Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова өмүрүнүн бүтүндөй 50 жылын сахнага байлаган талант. Ал салмактуу кинолордо жана спектаклдерде роль жаратып маданиятыбызга салым кошкон актриса катары таанымал.
Назира Мамбетованын аткаруусундагы кыргыздан чыккан мыкты, көрөгөч айымдар: Алай ханышасы Курманжан датканын, актриса Бакен Кыдыкееванын образын эл бир дем менен көрүшөт. Мамбетова — каармандарынын тагдырын, мүнөзүн, көз карашын, баскан-турганын өтө чеберчилик менен ачып бере алган талант.
Актриса жаш кезинде Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык “Ак кеме“ фильминдеги Бекей, “Мен — Тянь-Шань“ фильминдеги Кадичанын ролун жаратып жылдызы жанган. Ал каармандарынан кийин карапайым элдин арасында Мамбетованы Кадича катары кабылдап, жаман көргөн да учурлар болгон.
Театрда Айганыш (К.Жантөшев, “Курманбек“), Акбала (М. Ауэзов, “Каракөз“)
Жаңыл Мырза (А. Куттубаев, К. Маликов, “Жаңыл Мырза“), Аял (М. Байжиев, “Акыркы рейс“), Актриса (М. Гапаров, “Туздуу чөл“), Бешмет (Ж. Садыков, “Ак Мөөр“), Бакен (Ж.Кулмамбетов, “Талант жана тагдыр“) өңдүү жүздөгөн образдарды жараткан актриса учурда 75 жашта.
Мамбетованы Бакен Кыдыкеевага окшоштургандар да бар.
Бул тууралуу актриса: “Актриса болуу аял үчүн оңой эмес. Бара-бара көсөм болосуң. Мен пессимист эле болчумун. Эч нерсе боло электе “атаны кокуй, ушундай да болот экен да“ деп калчумун. Көрсө, айлана-чөйрөң курчутат турбайбы. Басынткысы, тебелегиси келгендер болот. Бирок сынып калбай башыңды көтөргүң келет. Бир ирет Абас Сырымбетов Бакен эже (Кыдыкеева — ред.) тууралуу интервью берип жатып “Бакен эжени көрө албагандар болгон, канчалык алардын сөзүн уккан сайын Бакен эже ошончолук курчуду“ деп айтты. Бул жакшы сапат да. Мен курчуй аламбы, курчуй албаймбы? Мени колдоочулар бар, драматургдар бар, режиссёрлор бар. Ошолор мени көтөрүп кетет. Бирок мен Бакен эжеге окшошууга аракет кылбайм. Болгону ал киши да сахнаны, театрды, кесибин сүйгөн“, — деди.
Учурда бир уул, бир кыздын энеси Назира Мамбетова бизге берген маегинде небере-чөбөрөлөрү, жараткан ролдору, театрдагы сахнасы — бактысы экенин айтты. Ал 33 жылдан бери Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенет.