Бт баарын сгп жатат. Балбак Тлбаев ээнбаш блогерлерди тыюуну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кээ бир блогерлер аша чаап, мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдук кылып жатканын билдирди.
Ал бүгүн 40 миң доллар пара алууга шектелип кармалган блогерди мисал келтирип, ал өтө ээнбаштык кылып жүргөнүн айтты.
“Президентти баш кылып көрүнгөндү жамандады, анан минтип бүгүн пара менен кармалды. Милицияны блогерлер алып барып текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык, кандай кылабыз? Баарын дебейин, кээ бири көрүнгөн мамлекеттик органдарга кирип алып “мен блогермин“ деп ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат. Өкмөт менен бир чечимге келишибиз керек. Убакыт келди, ээнбаш, ичи арам блогерлерди бөлүп, бир тартипке келтиришибиз зарыл“, — деди Түлөбаев.
Мындан улам ал блогерлердин укугун ЖМКдан бөлүп, аларга өзүнчө жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.