Кандай кооз! Бишкектин четиндеги кызгалдактуу талаанын видеосу
Борбор калаадан анча алыс эмес жерлерде талаалар кызгалдакка оронуп, шаардыктарды суктантууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин оператору Эмиль Садыров гүлдүү талааны видеого тартты.
Кыргызстанда адатта жазды аяктай кызгалдактар талаа, дөңсөөлөрдүн бетин бербей, сулуулукту талаша, желге желбирей бир керемет көрүнүштү тартуулайт. Шаардыктар учурдан пайдаланып калаа четине чыгып, гүлдүү талаада сүрөткө түшүп, сейилдеп, эс алышууда.
Окумуштуулар кызгалдактын 100дөн ашык түрү бар экенин айтып келишет. Кыргызстанда алардын 70тен ашыгы белгилүү. Papaverales rhoeas деп аталган түрү дээрлик бардык облустарда өсөт. Кызгалдак өтө назик гүл. Эгерде үзсө көп чыдабай соолуп калат.
65 views
858
220
1 year ago 00:22:31 8
“10 миң койду элге таратып бергим келет“
2 years ago 00:51:30 1
Жаңы доордун биринчи медитациясы | Nurlan Muratkali