Алтайдан Таласка 35 марал алып келишти. Видео

Таластагы Беш-Таш жаратылыш коругуна Алтай Республикасынан 35 марал алып келишти. Бул тууралуу президенттин аталган аймак боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлады. Бул жаныбарларды алып келүүнү “Альянс Алтын“ ЖЧКсынын (Жер-Үй кенин иштетүүчүлөр) алдындагы “Бакубат Талас“ фонду каржылап, ага 2,5 миллион сом кеткен. Бул долбоор президенттин 2022-жыл Тоонун экологиялык системаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялаган жарлыгынын алкагында ишке ашкан. Андан сырткары, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас боюнча башкармалыгынын долбоорун колдоо максатында жасалган. Регион жетекчиси Бакытбек Нарбеков жыйырма күндөн кийин жергиликтүү эл “коноктор“ менен таанышса болот.
Back to Top