Тил - улуттун тамыры

Улуттун тамыры - тил. Эне тилсиз эл өзүнө өзү жоо болуп, ичинен куурап жок болот. Аталардан аздектеп алган тилибизди акыл менен колдонбосок, жалпы улуттун тамырына доо кетип, малекетибиздин көз карандысыздыгына коркунуч жаралат. ⠀ «Ав-ав!» десе күчүк деп, «Мый-оо» десе, Түшүнөбүз мышык деп. Койдо «Ма-а» бар, Уйда «Мө-ө» бар атүгүл. Тилибизди биз билбесек, Кандай болот катыгүн!? Суур деле таштай элек аңкушун, А сен, кыргыз, байкушум… ⠀ Өз тилиңди жерисең, Айтчы анда Ким болосуң деги сен?! Эсенгул Ибраев ⠀ Тилибизди заманга баптап, жакшылап жаттап сүйлөөгө чакырабыз. ⠀ #AlgaElim #Kyrgyzstan ⠀ Эгерде сиз китептин электрондук вариантын кааласаңыз, бул видеону сториске бөлүшүп, Alga elim баракчасына жазылып, почтаңызды комментарийде калтырыңыз. Даяр болгондо жөнөтүп коёбуз. ⠀
Back to Top