“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту түнкү рейстерди тейлей баштады
“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту ушул күндөрү түнкү рейстерди дагы тейлей баштады. Бул жерге 30-августта Бишкек - Тамчы - Бишкек багыты боюнча учак караңгыда келип конуп, тушоосу кесилген. Түнкү каттамды аткаруу, жаңыдан коюлган жарык жана үн берүүчү жабдуулар аркылуу ишке ашып отурат.