Кинолента от National Academy-Of-Manas

«МАНАС» ДАГЫ БИР ТИЛГЕ КОТОРУЛДУ! 6-мартта РФнын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында “Манас” эпосунун балкар тилине которулган китебинин бет ачары болуп өттү. Котормону белгилүү котормочу, Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырган; китепти жарыкка чыгарууга көмөк көрсөткөн - РФнын Карачай-Черкесия Республикасынын Эл акыны, “Минги-Тау” адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев. #МанасАкадемиясы #ManasAcademy #NationalAcademyManas
Back to Top