Жапаровго суроо берген Садырбек: Ташиев да “Ата-энеңден тарбия алгансыңбы“ деп айтты

Президент Садыр Жапаров Баткенге барып, жабыркаган чек ара айылдарынын тургундары менен жолугушту. Бирок жолугушууга эркин журналисттер, көз карандысыз ММКлар киргизилген жок. “Протокол боюнча суроолор берилбей, жалаң эле мактоо угуп аткан Президентке чыныгы чек ара көйгөйүн козгогон суроо берсем, мени алар “провокатор, ата-энеңден тарбия көргөнсүңбү дешти“ дейт Садырбек. Ал журналист Али Токтакуновго маек куруп, окуянын кандай болгонун айтып берди. #Кыргызстан #чекара #баткен #алитоктакуновмедиахабы
Back to Top