ЖУМА ЖЫЙЫНТЫГЫ 13 10 2024

Жума жыйынтыгы 1.Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Учурда элдин нааразылыгына карабастан милдеттүү камсыздандыруу талап кылынууда. Адамдардын бул нааразылыгын басуу үчүн турак жайды же унааны камсыздандыруунун баасы төмөн көрсөтүлүп айтылууда. Бирок, камсыздандыруу мыйзамдары толук ишке киргенден кийин бул сумма жыл сайын жогорулап, элге оор жүк болушу турган кеп. 2.Мэрия жол акыны 40 сомго көтөрүүнү сунуштады Тилекке каршы, Кыргызстанда ар бир келген өкмөт калктын жонунан кайыш тилүү жолун карманууда. Өкмөт жол кирени кымбаттатуудан тышкары, айдоочулар үчүн милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизип, жол үчүн салык салууну сунуштап жатат. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда. 3.Газадагы кыргынга бир жыл: кандай сабак алдык? Биз тынч уктап, күн кечирип жаткан ар бир саатта Газада 15 киши курман болууда. Бир жылдан бери Газага саат сайын 42 бомба атылууда. Мектептердин 85 пайызы жараксыз. Жолдордун 65 пайызы колдонуудан чыккан. Ал эми, 1,1 млн адам качкын болуп көчүп-конууга мажбур абалда. Youtube kanal Azat kanal Turkiston biz Интернет сайт: Биздин телеграм каналабыз Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз Наш Фэйсбук канал на русском языке
Back to Top