ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ – МУСУЛМАНДАРДЫ ЧАЛГЫТУУ

Ушул максатта мелдештерде жеңүүчүлөр, спортчулар жылдыз катары көрсөтүлүп жатат. Бул көрүнүш жаштарга жетишкендик, ийгилик деп таңууланууда. Натыйжада канчалаган жаштар шарият өлчөөлөрүн четке сүрүп коюп, спорт жылдызы болуу менен алек. Мына ушинтип спорттук иш-чара деген жүйө негизинде аялбы-эркекпи ауратты ачуусу, аял-эркектин аралашып жүрүүсү кадыресе көрүнүшкө айланып бара жатат. Айрыкча илманийликке (светтикке) ыктаган араб өлкөлөрү спорт тармагына миллиарддаган доллар каражаттарды сарптап жатышат. Себеби, элди илманийлештирүүнүн жана Исламга жат көрүнүштөрдү кабыл алдыруунун эң жакшы куралы спорттук мелдештер болуп калууда. Мындай абал мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерге пайдалуу болуп, ал эми мусулмандарга терс таасирин тийгизери ачык-айкын. Себеби адамдар, айрыкча өзгөрүүнүн кыймылдаткычы болгон жаштар спорт жылдызы болуу менен гана алек болуп, айланасындагы болуп жаткан окуяларга, динине, Үммөттүн бүгүнкү оор абалына кайдыгер карап калат. Себеби алардын биринчи максаты, арзуусу – шариятка туура келбесе да – мелдеште жеңүү, спорт жылдызы болуу. Муну менен жаштар Исламды, Үммөттү азиз кылуудан четтейт, саясатка аралашпоосу камсыздалат. Бул нерсе мусулман башчыларына абдан керек, ошондуктан алар бүгүнкү күндөгү спортко болушунча каражат бөлүп, болушунча үгүттөп жатышат. Башкача айтканда, жаштарды динди, Үммөттү бийик кыла турган иштерден, саясаттан четтетип жатышат. Youtube kanal Azat kanal Turkiston biz Интернет сайт: Биздин телеграм каналабыз Биздин кыргыз тилиндеги Фейсбук каналабыз Бизнинг Фэйсбук ўзбек тилида каналимиз Наш Фэйсбук канал на русском языке
Back to Top