15-июнда Чоң-Алайда кар жаады

Бүгүн, 15-июнь күнү Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Ачы-Суу айылында кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы 4-5 см. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Ирисмат Тойкул уулу билдирди. Анын айтымында, жайдын күнү кардын жааганын буга чейин көргөн эмес. Кар түнү саат 23:30дар чамасында жаай баштаган. Азыркы учурга чейин дагы деле токтобой жаап жатат. «Бул жердеги жашоочулардын көпчүлүгү жайлоого чыгып кетишкен. Жайлоого деле калың кар жаап жаткандыр. Анткени жайлоо биздин айылдан бир кыйла бийикте жайгашкан. Кар биздин айылга эле эмес башка айылдарга деле жаап жатат. Чоң-Алай өзү бийик жерде болгондуктан тез эле кар жаап, кайра артынан күн чыгып турат. Эң негизгиси жаңы туулган мал жандыктар аман болсо экен»,-деди И. Тойкул уулу.
Back to Top