Кыргызстандык дарыгерлер Россиядан жаңы билим алышууда

Москва шаарында дарыгерлердин “Здоровая Евразия“ форуму ачылды. Ал тогуз мамлекеттен 150 адистин башын бириктирди. Форумду коммерциялык эмес “Евразия“ уюму уюштурууда. Медиктер Россиянын мыкты делген ооруканаларына барып, заманбап медицина жаатындагы алдыңкы ыкмалар менен таанышмакчы. Жалал-Абаддагы облустук ооруканада пульмонолог болуп иштеген Аида Исакова жаңы ыкмалар илдетти алдын алууга жардам берерин айтты. “Дарылаганга караганда ооруну алдын алуу жеңил болорун баарыбыз билебиз. Дал ушул долбоор менен грант утуп алгым келет. Кыргызстандагы медицина Москвадагыдай эмес, бирок өнүгүп, илгерилеп бара жатабыз“, — деди ал. “Здоровая Евразия“ форумунун катышуучулары үчүн тездик менен окуткан билим берүүчү программа даярдалган. Ал эми мыкты дарыгерлер гранттык колдоо алмакчы.
Back to Top