Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз-орус билим берүү форуму өтүүдө.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Россия президентинин администрациясынын аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, билим берүү министринин катчысы Андрей Корнеев, Россотрудничествонун жетекчилиги жана башка адамдар катышты.
Форумду ачып жатып, Эдил Байсалов Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бекем, көп кырдуу, ар тараптуу байланыштар бар экенин белгиледи.
“Биздин ийгилигибиздин жана келечектеги өнүгүүбүздүн негизги фактору — бул билим берүү. Кылымдын ортосунда кандай өлкө курарыбыз бүгүнкү мектеп, университеттерден көрүнөт“, — деди Байсалов.
Форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда Россиянын 40тан ашык университеттери көрсөтүлдү.
141 view
39
9
3 months ago 00:00:55 143
Бишкекте кыргыз-орус билим берүү форуму өтүүдө
9 months ago 00:01:14 87
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары тууралуу көргөзмө өтүүдө
11 months ago 00:00:49 67
Орус-кыргыз окумуштууларынын Ысык-Көлгө арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды
2 years ago 00:01:03 93
Бишкекте “Орус сахнасынын тандалган образдары“ аттуу көргөзмө ачылды.
2 years ago 00:01:13 64
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны кандай өттү
2 years ago 00:00:36 53
Бишкекте экологиялык абалга байкоо салган автолаборатория иштей баштады.
2 years ago 00:04:13 2
“Кандай гана бактылуумун“. Филипп Киркоров кыргыздардын тосуп алганына ыраазы болду
3 years ago 00:11:59 4
Жаңылыктар | | Казакстан: Ондогон адам өлдү, орус аскерлери келди
6 years ago 00:05:10 7
28 МАРТ ЖАНЫЛЫКТАРДЫН ТОПТОМУ/ ПУТИНДИН УЧУП КЕЛИШИ