Көп көрүүчү топтогон видеолор кантип даярдалат. SputnikPro мастер-класс
SputnikPro долбоорунда агенттиктин видеобөлүмүнүн редактору Гүлдана Талантбекова жана мобилограф, кабарчы Аяна Байтемирова социалдык тармакка кызыктуу, өтүмдүү видео жасоо тажрыйбалары менен бөлүштү.
Мастер-класска Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери катышты.
Редактор Гүлдана Талантбекова болочок журналисттерге видео жасоо ыкмасын түшүндүрүп, видеолордун тексттери кыска жазылышы керектигин айткан. Маселен, Tiktok тиркемесиндеги видеолордун темасы 3-4 секунд кармалып, маалыматтардын орточо узактыгы 15-25 секунд болушу керек. Ал маалыматты ар түрдүү соцбаракчаларга жүктөө менен өз-өзүнчө катталуучу топтоого болорун, Sputnik Кыргызстан агенттигинин тик тартылган видеолору Tiktok, Reels, Shorts тиркемелирине жүктөлөрүн кошумчалаган.
Ал эми Аяна Байтемирова жаңылыктарда оперативдүүлүк маанилүү экенин айтып, мобилограф окуяны жеринен сүрөт, видеого тартып, ошол эле жерден атайын тиркемелер менен монтаж жасап, социалдык баракчаларга салып коерун белгилеген. Спикерлер студенттерди азыртан соцтармакта баракча ачып, аны активдүү алып барууга чакырды.
Ошол эле учурда студенттер мастер-класстан TikTok тиркемесинде видео жасоону үйрөнүшкөнүн, соцтармак баракчасын кантип жүргүзүүнү билип калышканын айткан.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар.
121 view
96
16
6 months ago 00:02:58 124
Көп көрүүчү топтогон видеолор кантип даярдалат. SputnikPro мастер-класс
2 years ago 00:18:54 554
Социалдык тармакты мукам үнү менен жарган Ырыскелди. Видеомаек