Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон ачылды

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Турсезон эл аралык Karakol Fair жарманкеси менен башталып, анда кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган сувенирлери, керамика, кол эмгектери, зер буюмдары коюлган. Тамак-аш зонасы уюштурулуп, концерт, спорттук оюндар өттү. Ачылыш салтанатта жергиликтүү бийликтин жана туризм тармагынын өкүлдөрү сүйлөштү.
Back to Top