Бир арманым бар

Ооба, ата-энемди чет мамлекеттерге көп алып баргым келет. Бирок апамдын кан басымы көтөрүлүп-түшүп тургандыгына байланыштуу учакта уча албайт. Бир арманым бар. Канча жылдан бери эле дарыланат… Жакшы болуп кетсе апамды башка мамлекетке алып барып, көрсөтүп келсем… Анткени өзү азыркы Каракол, мурдагы Пржевальскийде окуган. Көп жерге деле учпаса керек. Дүйнөнү көрсөткүм келчү. Ата-энемдин салымы аябай зор. Ал кишилер эч нерседен кем кылган эмес. Эсимде, Таласка кийингени барам десем колума акчаны карматып туруп “бар, өзүң кийинип кел. Сенин колуңан келет” дейт эле. Мага ишеничи бар болчу. Адамга ишенич болсо канат байлап, ийгилик жаратканга оңой болобу деп ойлоп калдым.
Back to Top