Апам балам, чыда деч. Дйн чемпиону Келдибек Атайбек уулунун маеги

Залга келгендерди, өзгөчө толук балдарды 30-40 килограммга чейин арыктаткан Келдибекти интернет желесиндегилер чоң мотиватор катары таанышат. Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпиону жана машыктыруучу Келдибек Атайбек уулу менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги маек курду. Келдибек машыктыруучу болгонго чейин өзү таяк тартыш спортунда чоң ийгиликтерди жаратып, дүйнө биринчилигин утуп, кезинде Кожомкулдун 230 килограммдык ташын көтөргөн. Азыр машыктыруучулукту айкалыштырып, бир топ кишини ашыкча салмактан арылтып, элди дени сак жашоого үндөп келет. Ал маекте балалык турмушу оор болгонун, ата-энесинин мээрими жетишпей таенесинин колунда өскөнүн, спортто ордун табуу дагы кыйын болгонун, азыркы ийгиликтерине сабырдуулук менен жеткенин, жашоодо жубайы көбүрөөк мотивация берерин, чоң спортто азыр бир гана атаандашы калганын айтып берди.
Back to Top