Согушта жоголгон жоокерлердин жакындары алар тууралуу маалымат ала башташат

Долбоор согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу маалымат табууга жардам берет. Иш-чара Дайыр Асанов атындагы Улуттук аскер лицейинде өттү. “Биз бүгүн издөө иштеринин аркасы менен табылган жоокерлер тууралуу маалыматтарды үй-бүлөлөрүнө берүүгө даярдыкты баштадык”, — деди долбоордун автору Григорий Скворцов. Анын айтымында, долбоордун максаты дайынсыз кеткен жоокерлерди издөө, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жоголуп, Германиянын концлагерлеринде өлүү табылган кыргызстандык жоокерлер тууралуу маалымат табуу болуп саналат.
Back to Top