Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бирдиктүү командасын жиберди
Россия командасында 150 спортчу бар.
Улуттардын маданий баалуулуктарын унуткарбай туруу миссиясын аркалаган бул иш-чара Казакстанда өтүп жатат.
Ачылуу аземи Астана калаасындагы “Астана Арена“ стадионунда өттү. Парадды Көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары Кыргызстандан барган курама команда ачып берди.
Көчмөндөр оюндарына жалпысынан 90 мамлекеттен 2,5 миң спортчу келген. Алар медалдын 97 комплекти үчүн ат салышмакчы. Россиянын командасына спорттун 21 түрү боюнча 150дөн ашык спортчу кирген.
“Казакстан дүйнөгө саясаттан алыс, бузукулук эмес, спортту пропагандалоо боюнча салтты — дүйнөлүк спорт кандай болорун көрсөттү“, — деген РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова.
Эске салсак, Көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын атынан 181 спортчу спорттун 18 түрүнөн катышуда.
393 views
54
13
3 weeks ago 00:01:06 393
Россия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бирдиктүү командасын жиберди
10 months ago 00:01:44 46
Бишкекте КМШнын мектептеринде ысык тамак берүүнү талкуулаган форум өттү
1 year ago 00:04:30 361
Садыр Жапаров Бул жол салынса ,,,
2 years ago 00:01:24 118
Россиядан Кыргызстанга жардам иретинде тонналаган азык-түлүк келди
2 years ago 00:01:32 386
Сингапур, Франциядан келишкен. Чуңкурчакта 15 өлкөнүн жаачылары жарышкан видео
2 years ago 00:00:34 181
Эгин жүктөгөн алгачкы кеме Одесса портунан Африкага жөнөдү
2 years ago 00:02:13 75
Балалайкага жетишти... Орус маданиятына жарыяланган бойкот эмнеге такайт?