Өлкөдө эң көп акчаны кимдер табат?

Биз Улуттук статистика комитетинин жаңы маалыматтарына көз чаптырып, кызматкерлери эң көп акча тапкан үч тармакты аныктадык. Үчүнчү орунда каржы жана камсыздандыруу жаатында иштегендер турат. Мындагылардын маянасы 58 500 сом. Экинчи орунда орточо 60 000 сом айлык менен маалымат жана байланыш тармагында эмгектенгендер турат. Рейтингдин лидерлик позициясын кен казуу компанияларында иштегендер ээлейт. Алардын орточо айлык акысы 60 400 сомду түзөт.
Back to Top