Кыз экенимди унутуп калыптырмын

Эл сүйөт, элдин кызысың. Бирок аял кишини үй-бүлөлүк бакытка тарта берет экен. Жаныңда бирөө болсо деп… Сен канчалык күчтүү, Жанна Д’Арктай темир айым болсоң дагы жаныңда кичине мүнөзү күчтүүрөк, сени “Ай!” дегенде унчукпай “ооба, ооба” деп үнүңдү ылдый түшүрүп, “ооба, мен аялмын да” деп өзүңдүн ички түзүлүшүңдү сезе биле тургандай убакытты каалап калат экенсиң. Кээде аял экенибизди унутуп кетебизби деп ойлоп калдым. Мен деле унутуп кеткем. Шымаланып, “мен жасайм, мен кылам” деп… Чындыгында соңку учурда эркек эле болуп калыптырмын. Көйнөк деле кийбей калыптырмын. Иш-чара, иш-чара, той-пой. Эркекче сүйлөшүп, так убакытты коюп, “ток этер жерин айтсаң” депчи. А сен баары бир аялзатысың да. Баары бир бир учурда назик болгуң келет экен.
Back to Top