Боюм өсүп, органдарым калып кетиптир

Спорттон бокска аябай кызыкчумун. 8-классты бүтүп шаарга келгенде апам спорт мектебине алып барган. Ден соолукту текшерткенде өтпөй калгам. Жашыма жетпей боюм өсүп кеткенине байланыштуу ички органдарым өспөй калыптыр да. Ошол кезде ичеги-карыным тартылып турган экен. Диета жазып беришкен. “Бул баланын ичеги-карды өсүүсү үчүн элден өзгөчөрөөк, эки порция тамак жеши керек“ деген. Ошондон улам спорттон алыстап калгам. Азыр жакшы. Ичеги-карын өсүп, өзүнүн өлчөмүнө келген.
Back to Top