Совинформбюро, Левитан, майдан. Архивдик видео

Мындан 83 жыл мурда Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы күндөрү Совинформбюро түптөлгөн. Ошол кездеги “от Советского информбюро“ деп башталган Юрий Левитандын коңур, ары сүрдүү үнү эбегейсиз зор өлкөнүн шаарларынан тарта айыл-кыштактарына чейин тараган. Согуш жылдарында Совинформбюро эки миңден ашуун согуштук маалыматтарды жөнөткөн. Корней Чуковский, Михаил Шолохов, Борис Полевой, Валентин Катаев, Алексей Толстой, Илья Эренбург сыяктуу калемгерлер Совинформбюродо иштеген. 1961-жылы Совинформбюронун базасында “Новости“ басылма агенттигин түптөшкөн. 30 жылдан кийин ал РИА Новости, ал эми 2013-жылы “Россия сегодня“ эл аралык маалымат агенттигине айланган.
Back to Top