Уялбай эле мен чыгам дегем

2015-жылы Кыргыз улуттук университетинде ар бир факультеттен бирден сулуу чыгат болчу. Менин факультетим башка кызды тандап коюшкан. Бою узун, келбеттүү кызды. Ал эми менде амбиция аттын башындай да. “Мен чыгам” дедим. Ошентип журналистикадан эки кыз чыгып калганбыз. Уялбай эле... Уялган эмесмин. Анткени мени апам ошентип тарбиялаган. “Менин кызым эң сулуу” деп айтып өстүргөн. Ошон үчүн боюм 1,60 болсо да 1,80дей сезчүмүн. Ошондо спорт сарайынын үстүнөн жип менен ылдый түшкөм. Түшүрүп жаткан байке кичине кызуурак беле, билбейм, жип менен акырын түшүргөндө мен желекти кармап Кыргызстан деп түшүшүм керек эле. Бир маалда тез кое берип жиберди. Жип ылдый түшүп кете жаздады. Элдер “Аааа” деп. Биринчи орунду алып, Түркияга жолдомо утуп алгам.
Back to Top