Багизат саткан 18 жаштагы кыз кош бойлуу болуп... Милиционердин видеомаеги
Баласы психотроптук баңгизат колдонорун билип калган ата-эненин реакциясы кандай болушу керек? Бул суроого ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Марсел Дооталиев жооп берди.
Адистин айтымында, бул учурда ата-эне кечиктирбестен дароо аталган башкармалыкка кайрылуусу зарыл. Андагы кызматкерлер анонимдүү түрдө комплекстүү иш-чараларды жүргүзөт.
“Көпчүлүк ата-эне же баңгизат колдонгон адамдын жакындары бул тууралуу милицияга кабарласак алар жазалайт деп ойлошот. Андай эмес, бизге кайрылышса биз тиешелүү иш-аракеттерди көрөбүз. Ошол эле учурда медициналык кароого жөнөтөбүз“, - деди Дооталиев.
Ошондой эле ал аталган баңгизат бир эле айда ден соолукту талкалай турганын белгилеп, бул затка жакын жолобоого чакырды. Маектешим ата-эне балдарга көңүл бөлүп, аны курчаган адамдар тууралуу билип, интернеттен эмнелерди көрүп жүргөнүнө маани берүү зарылдыгын кошумчалады. Мындан тышкары, баңгизат саткандарга, аны жайылткандарга катуу жаза колдонуларын, камакка алынгандан тышкары өзүнүн, жакындарынын мүлктөрү бүт конфискацияланышы мүмкүн экенин эскертти.
409 views
42
9
2 months ago 00:10:15 431
Баңгизат саткан 18 жаштагы кыз кош бойлуу болуп... Милиционердин видеомаеги