Үмүтүм чоң. Садыр Жапаров Чолпон-Атада президенттик “Акылман“ лицейин ачты
Өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Атадагы өзгөчө шыктуу балдардын “Акылман“ лицейин ачып жатып айтты.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүндө, окуу жай мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюмунун формасына ээ экени айтылат. Ага кабыл алуу республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин алты классын аяктагандардын арасынан жүргүзүлөт.
“Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот. Бардык аймактардан окуучуларды кабыл алуу жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгымдар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. “Акылман“ табият таануу, математика жана техникалык билим берүү багыттары боюнча таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууну жана илимий, чыгармачылык потенциалын ачууну, ошондой эле алардын кесиптик билимин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган кесиптик даярдыгын камсыз кылат“, — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгилеп, өлкө аймагындагы таланттуу балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекеттин негизги милдети, башкы саясаты экенине токтолгон.
Мамлекет башчысы чыгармачыл, интеллектуалдык, академиялык шык-жөндөмдүү балдарды ача билип, билим берүүнүн жаңыча жолуна түшүү мезгил талабы экенине көңүл бурду.
“Акылман“ мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күнү-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген үмүтүм чоң. Кудай тилегибизди берип, “Акылман“ лицейи ийгиликтүү иштеп баштаса, мындай билим уялары дагы кулачын жаят“, — деди президент.
Лицейдин эмгек жамаатына кайрылып, Жапаров алардын ааламдашуу доорундагы ролун жана жоопкерчилигин белгиледи. Окутуучуларда өзгөчө ыкма, жаңыча мамиле менен бөтөнчө шыктуу балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, туура тарбия, терең билим берүү озуйпасы турат.
“Президенттик лицейдин ачылышы менен бүт республиканын көңүлү сиздердин мектепте, сиздердин иште, сиздер окуткан балдарда болот. Силер окуткан окуучулар бир лицейдин эмес, жалпы Кыргызстандын сыймыгы болушу керек. Андыктан күнү-түнү изденип, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп, конкреттүү натыйжа чыгарасыздар деген ойдомун. Дүйнө агымына жараша “Акылман“ лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайык деп турабыз. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин“, — деди президент.
Мамлекет башчысы окуу класстарын, ашкананы, лабораторияларды, окуучулар жана мугалимдер жашай турган жатаканаларды көрүп чыкты. Ошондой эле мугалимдер жамааты жана окуучулар менен баарлашып, балдарды жакшы окууга жана кийинки жашоодо пайдалуу терең билим алууга умтулууга чакырды.
67 views
263
72
1 year ago 00:01:33 334
Үмүтүм чоң. Садыр Жапаров Чолпон-Атада президенттик “Акылман“ лицейин ачты