Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону да утту.
Медет кызы жарым финалда колумбиялык Татьяна Ринтерианын заматта эле далысын жерге басып таза жеңиш менен утту. Ал экөө U23 Дүйнө чемпионатынын финалында дагы жолуккан, анда Айпери утуп чемпион аталган.
Эми эртең кыргызстандык спортчу алтын медаль үчүн күрөшөт.
Айпери Медет кызы буга чейинки айлампаларда атаандаштарына бир да упай бербей утуп чыккан. Алгачкы күрөшүндө румыниялык Каталина Аксентени 11:0, беларустук Анастасия Зимянкованы 10:0, канадалык Жастина Ди Стассиону 11:0 эсеби менен жеңген.
116 views
173
32
4 months ago 03:31:10 3.7K
Вольная борьба (м, ж) - День 16 - Утро | Олимпиада в Париже-2024
5 months ago 00:02:04 2
ЗАМАТТА ТУШЕГЕ БАСТЫ / 1/8 ФИНАЛ! 76 КГ: АЙПЕРИ МЕДЕТ КЫЗЫ(КР) – ДЖАСТИНА ДИ СТАСИО(CAN)
5 months ago 00:03:31 2
ЗАГРЕБ 1/4 ФИНАЛ: Айпери Медет кызы (КР) - Жюстина Ди Стасио (КАН) / Эл аралык турнир
8 months ago 00:09:28 1
¼ финал: 53 кг: АЙЖАН САБЫРБЕК КЫЗЫ – ШОХИДА АХМЕДОВА(UZB) ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТУРНИР / КЫЗ-КЕЛИНДЕР