Ошто жолдорду жууп-тазалоочу унаалар алынды. Кандай иштээрин крсткн видео
“Ош-Тазалык“ муниципалдык ишканасы жергиликтүү бюджеттин жана өздүк каражатынын эсебинен заманбап жети атайын техника менен жабдууларды сатып алды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Калаа мэри Бакытбек Жетигенов жаңы техникаларды тапшырып, мындан ары да шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртарын белгилеген.
Анын ичинде үч функциялуу унаалар бар, алар өзү жолдорду шыпырып, чаңын соруп, суу сээп жууп кетет. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев “эми жашы улгайган эжелерибиздин ордуна ушул техникалар чоң жолдорду жууп, тазалайт“, — деп жазды.
Сатып алынган техникалар:
🔸көчөлөрдү жууп тазалоочу Dongfeng үлгүсүндөгү эки чаң соргуч автоунаа;
🔸таштанды ташып чыгаруучу (6 куб метр сыйымдуулугу менен) Dongfeng үлгүсүндөгү эки машина;
🔸бир тонналык жүк ташуучу эки электротрицикл;
🔸таштанды чогултуучу бир электротрицикл;
🔸көчө шыпыргычтар үчүн жабдуулары менен арабасы бар 30 таштанды чогултуучу контейнер;
көчө шыпыргычтар үчүн 100 даана таштанды тергич.
40 views
155
35
1 year ago 00:00:50 108
Ошто жолдорду жууп-тазалоочу унаалар алынды. Кандай иштээрин көрсөткөн видео