Эламанга чейин ч баламан айрылгам... Аскердин кан жутуп отурган ата-энеси
Кыргызстан эли Эламан Ураимовдун баатырдыгын даңазалап турган кез. 28 жаштагы жоокер Баткендеги чек арадагы кол салууда каршылаштардын курчоосунда калган. Туткунга түшпөс үчүн өзүн тажик тараптын 5-6 аскери менен кошо жардырганы айтылды....
Эламан Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Капитан, батальондун командири эле.
Жоокердин сөөгү кечээ Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди. Энеси Венера Бегиева уулу аскер болууну кичинекей кезинен эле кыялданганын, ишине берилүү менен кызмат кылганын эскерди.
“Балам аскер болууну мектепте жүргөндө эле эңсеп, Суворов атындагы аскердик окуу жайга тапшырган. Иш дегенде бардыгын таштап коюп барчу эле. Эмгек өргүүдө деле эс албады. Эмгек өргүүдө ишке чакырса дагы ошол жерден туруп кетчү эле. “Апа, балдарым, ишим калат ал жакта“ деп. Өзүнүн ишин аябай сүйчү“, — деди Бегиева.
Курман болгон аскердин атасы Курстан Бегиев уулу каза тапканына бир жагынан кабыргасы кайышып турса, экинчи жагынан баатырларча курман болгонуна сыймыктанып жатканын айтты.
Ошондой эле ал Эламанга чейин үч баласын жоготконун билдирген.
“Тун уулум эле. Андан кийинки 1997-жылы туулган уулум Бекболот 4 жашында чарчап калды. Андан кийин 2002-жылы кызым, 2005-жылы Айжаркын деген кызым каза болду. Мен мындайларды көрө берип... Кичинекей кызым Айтурган 8-класста окуйт“, — деди ал.
Эламан Ураимовдун артында келинчеги жана эки баласы калды.
240 views
473
137
2 years ago 00:02:16 407
Эламанга чейин үч баламан айрылгам... Аскердин кан жутуп отурган ата-энеси