“Карылыктын точкасына жетип калдым“. 95 жаштагы Мамбет Мамакеевдин видеосу
Кыргызстандагы хирургдардын бир далайынын атасы, эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси, дарыгерлик ишин азыркыга чейин улантып келе жаткан Мамбет Мамакеев 95 жашта.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар хирург менен баарлашып, ал-жайын сурады.
Мамбет Мамакеев хирург болуп 70 жылдан бери иштеп, 30 миңден ашуун операция жасаган. Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун даярдап, ондогон илимий эмгекти жараткан.
Хирург азыркыга чейин операция жасайт. 2021-жылы дүйнөдө карьерасын улантып жаткан эң улгайган хирург катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Дарыгерге КРдин Баатыры наамы, II жана III даражадагы Манас ордени ыйгарылган. Кезинде саясатка да аралашып СССРдин жана Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты болгон.
Өмүрлүк жары Сонумкан Чекирбаева менен эки уулду тарбиялаган. Балдары атасынын жолун жолдоп келет. Учурда экинчи уулу Канат Мамакеев Улуттук хирургия борборунун жетекчиси. Ал эми өзү ардактуу президент.
168 views
739
250
2 years ago 00:23:54 371
“Карылыктын точкасына жетип калдым“. 95 жаштагы Мамбет Мамакеевдин видеосу