Бүгүн Россия күнү. Видеодо Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү менен кызматташтыгы тууралуу көрсөтүлөт

Ал күндөр Кыргызстан үчүн апаат катары эсте калат! 2020-жылдын июль айы кыргыз элинин эсинде “азалуу июль“ деп калды. Анда адамдар коронавирустан массалык түрдө көз жумуп жатышты, ооруканаларда орун жок, дарыгерлердин колунда дары, жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз, ал тургай бет капты табуу да кыйынга турган күндөр... Ооба, мындай кырдаал дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде болду, ошол учурда Россия жардамга келди. ӨКМдин атайын борту менен дары-дармек, жасалма дем алдыруучу аппараттар, реаниматологдор үчүн жабдыктар алып келинди. Кыргызстанда пандемияга байланыштуу кээ бирлерде азык-түлүккө да каражат табылбай жатты, ошол учурда аларга Россиядан азык-түлүк берилди. Россия эч качан жардамын аяган эмес! Ал Кыргызстанга жүздөгөн миллион долларларды кайтарымсыз бөлгөн. Миңдеген кыргызстандык балдар Россиянын каржылоосу менен мектептен ысык тамак ичип жатат. Биз Россиядан бензин, курулуш каражаттарын, жер семирткичтерди алсак, россиялыктар Кыргызстанда тигилген кийимдерди кийип, бизде өстүрүлгөн мөмө-жемиш, жашылчаларды жешет. Россия бир жыл ичинде Кыргызстандын экономикасына 100 миллиондон ашык инвестиция кылат. Биз биргеликте Евразия экономикалык биримдигине, ЖККУга, КМШ жана ШКУга мүчөбүз.
Back to Top