Ошто Россиядан алып келинген Өчпөс от жанды

Бүгүн Москвадан Белгисиз жоокердин мүрзөсүнөн алынган “Эскерүү оттун“ бөлүкчөсүн Өчпөс от акциясынын алкагында алып келишкен. Анын видеосун Ош мэриясы жарыялады. Түштүктүн борборунда митинг-реквием өттү. От лампанын жардамы менен башка шаарларга өткөрүп берилет. Мындай акция Бишкекте 7-майда өтөт. Өчпөс от — элдин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоп, дүйнөнү нацисттерден бошоткон бардык улуттагы советтик жоокерлердин эрдигин эскерүүнүн символу.
Back to Top