Орто-Токой суу сактагычына балыктын 900 ми чабагы коё берилди. Видео
Нарындын Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычына балыктын 900 миң чабагы коё берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.
Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин өкүлдөрү, Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев, Ак-Өлөң айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиев жана башкалар катышкан.
Суу сактагычка сига балыгынын чабактары “Орто-Токой ынтымагы“ ЖЧКсы тарабынан коё берилген. Анын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, буга чейин мындай ишти Балык чарба департаменти менен Орто-Токой айылынын жаштары аткарып келсе, быйыл аны тендердин жыйынтыгы менен аталган ЖЧК колго алган.